Лицейибиздин 9-б классынын окуучусу Жуматаев Нурсултан 3-12-январда Бишкек шаарында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын балдар жана кыздар арасында шахмат боюнча чемпионатында байгелүү lII орунга ээ болуп, Азиялык чемпионатка жолдомо алды. Сыйлыгы менен куттуктайбыз. Сыймыктанабыз, ийгилик каалайбыз.
Новости
Жуматаев Нурсултан 3-12-январда Бишкек шаарында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын балдар жана кыздар арасында шахмат боюнча чемпионатында байгелүү lII орунга ээ болду.
Облустук SPELLING BEE CONTEST (орфографиялык) олимпиадасынын 1-туру 18-январда Талас облусунун бардык райондорунда өткөрүлдү.
“Манас Ата” Талас лицейинин англис тили мугалими Сардарбек Жакенов жана Тынчтык Корпусунун волонтёру Брайн Моберг Талас облусундагы жалпы орто билим берүүчү мектептериндеги 5-6-7-8-9-класстарынын окуучуларынын арасында Облустук SPELLING BEE CONTEST (орфографиялык) олимпиадасынын 1-туру 18-январда Талас облусунун бардык райондорунда өткөрүлдү. Олимпиаданын 1-турун “Манас Ата” Талас лицейинин мугалимдери жана Тынчтык Корпусунун волонтёрлору Брайн Моберг, Мелисса Хаф, Колин Барретт жана Крис Уэддл эң мыкты денгээлде уюштуруп беришти. 1-турга жалпы облус боюнча 750 окуучу катышты Ар бир райондон 20 окуучудан финалдык турга тандалып алынды. Финал 15-февраль күнү “Манас Ата ” Талас лицейинде болот.
1
Шаардык олимпиада. 2019-2020 окуу жылы
- 1