Экзамен / Домашнее задание
- Пн30. 03.
10B , 10C, 10А SOC·Назначено домашнее заданиеАдам жана коом:Кесип тандоо
10B , 10C, 10А SOC·домашнее заданиеАдам жана коом:Темага байланыштуу крассворд түзүү 16 суроо
10C·домашнее заданиеКыргызская литература:158- бет ( 1-7) суроолорго жооп берүү , аңгемени толук окуп келүү
10А·Назначено домашнее заданиеГеография:География сельского хозяйства
10А·домашнее заданиеГеография:Өнөр жайдын географиясы
11C·Назначено домашнее заданиеComputer:Explain your future 5 year plan (including your desired university, plans after graduating....). Use AI to make your plans look excellent and send your results to talasmanasataict@gmail.com.
11А·Назначено домашнее заданиеComputer:Explain your future 5 year plan (including your desired university, plans after graduating....). Use AI to make your plans look excellent and send your results to talasmanasataict@gmail.com.
11А·домашнее заданиеГеография:Австралия
11А·Назначено домашнее заданиеГеография:Тематическое оценивание достижений учащихся
7A·Назначено домашнее заданиеДиндердин онугуу тарыхы:1) § 17.Иудаизм дининин жаралышы жана калыптанышы (конспектиле) 2) 2-тапшырма: Эркин тапшырма:Чыгыш маданияттарынын тарыхынын өнүгүшүндө иудаизм кандай роль ойногон?
7A·домашнее заданиеДиндердин онугуу тарыхы:1-§16 Конфуцийдин окуусу (конспект) 2-Эркин тема: Үй-бүлө гармониясы. Конфуций "ортодогу мамилелер жакшы болсо-коом жакшырат" дейт. Сенин үй-бүлөңдө гармония кантип сакталат? Үч мисал келтир.
7B·домашнее заданиеГеография:§35-36-37 атлас тапшырмалары менен иштоо.
7B·домашнее заданиеРусский язык:Упр.2.1.стр.198
7C·домашнее заданиеComputer:Chapter 15. Page 148. Exam style questions
8A·домашнее заданиеComputer:Chapter 15. Page 148. Exam style questions
8A·Назначено домашнее заданиеComputer:Repeat chapters 14, 15, 17. Next week exam
8A KG·домашнее заданиеАдам жана коом:Сөздүк жазуу. Теманы окуп түшүнүк айтуу
8C·домашнее заданиеКыргызская литература:Мурунку тапшырма 81-82 беттеги суроолорго жооп жазуу, Мавлянов,,Нан" окуп келүү ( толук түрдө, сөзсүз сурайм) ЖУНАЙ МАВЛЯНОВ: НАН АҢГЕМЕ Мындан үч-төрт күн илгери Жаныбек, жаңы таамил алма багынын бир четинде чычкан кулагындай бариктерин эртели-кеч жүргөн желге жалмалатып турчу жалгыз түп талдын көзүнө карабай, эки түз кадасын кыйган болучу. Кабыгын аарчып таштаганга тез кургаса керек, кечинде жакшылап чыңдалган эки кетменди аларга аштап кийгизди да, бүгүн күн али нурлуу жүзүн ааламга көрсөтө элек маалда, биринин артынан экинчисин удаа тамдын төбөсүнө ыргытты. Жан жыгачы күнгө күйүп, эскиси жеткен шатыга бут койгондо майланбаган арабанын күпчөгүндөй андан «кыйч-кыйч» эткен жагымсыз добуш чыгып турду. Белгилүү Бозбунун зааркы жели… Эрте менен кечинде ал тараптан соккон сыдырымга жылаңач көкүрөк тосуп, ооз ачып туруу өзүнчө ырахат! Тамдын төбөсүнө чыгары менен ушул желге кабылган Жаныбектин бою сергелең тарта, жеңи каруусуна чейин түрүлгөн колдорун капталына өйдө көтөрө берди эле, учууга камынган илегилектей далдая түштү. Түн ичинде алыстан көрүнгөн өрттүн алабындай мала кызыл тартып тыктана баштаган күн чыгыш тарапка саамга тиктеп турду да, ал маңдай жагы терге маңарланган чий калпагын кайруусунан кармап, пешенесин көздөй басып койду. Мына, ал отуз төрт жылдан бери өмүр кечирип келаткан жер – Жайылма айылы. Алакандын отунда жайлашкандай анын бүт турпаты азыр мунун көз алдында. Бир канаты тээтиги өзбектин бак-дарактуу кыштагынан тартып, береги Бозбу тоосунун этегине чейин созулган бул кыштактын айлана-тегереги көл бетиндей тегиз. Этектеш толкундардай жерге ыкшала ыргалган буудай массивинин арасынан атылып чыккан торгойлор заматта асман бооруна асыла калат да, канаттарын дирилдете алда немелерди күүгө сала безеленет… Үй жанындагы кол арыкта суу шылдырт… шылдырт… Кетмен сабына жөлөнгөн Жаныбек кыштагына көз чаптырды. Эки тарабына окшош жаңы үйлөргө толуп келаткан мобереки түптүз жол «Жаңы-Көчө» деп аталат. Анын көз жоосун алып жаткан ушул көчөнүн боюндагы жаңы үйлөр. Баксыз короо жок. Айрым үй ээлери колдоруна бак бычагын кармап, дарактагы бейпайда өскөн шак-бутакты торой кесип жүрсө, дагы бирөөлөр короо ичине эгилген пал-пал пияз, сабиздеринин жөөгүнө суу жылжытуу менен алек. Жаш балдар болсо, чүрмөктүү челек алышып, короо ичиндеги жыпар чачкан гүлдөргө «жамгыр жаадырып» жүрүшөт. Жумушка кеткенге чейин үй тиричилигин бүткөрүп коюуга көнгөн колхозчу калк эрте турат эмеспи. Бүгүн таң заардан там башында турган Жаныбектин көзүнө биринчи болуп Карабай урунду. Чөп чапкандарга жөнөсө керек, ал эки жагын аңдабай сопол куйрук карагерин капталга катуу теминип баратат. Аны карап туруп, Жаныбек эмнегедир бырс этип күлүп алды. Ал азыр суктана тиктеп турган «Жаңы-Көчөнүн» бар четинде өңчөй жаштардын арасындагы мойсотуп кишидей, көзгө комсоо көрүнгөн үй ушунуку – Карабай акеники. Аны уруштан бир жыл мурун тургузган эле. Ал кезде Карабай аке райондогу бакандай чоңдордун бири. Ошондой болсо да, акыры өз кыштагына келерине көзү жеткен белем, ушул үйдү тургузган болучу. Учурунда кимдер ага суктанбады дейсиң. «Бу дүйнөгө устун болуп калбагандан кийин, жарым күн болсо да, Карабайдыкындай үйдө жашаганга не жетсин! Асты такта, шыбы фанер, туш-тарабы терезе… ичи-тышы аппак. Кирген кишинин баари ачылат. Үй болбосоң коё кал. Колунан иш келбесе да, Карабайдын зайыбынын ырысы бар неме экен». Карабайдын ушул үйү бүткөндө анын какондосуна барып келген күнкү таңдана айткан апасынын бул сөзү азыр анын кулагында угулгансыды. Бардык нерсеге оор салмактуу карап, башканын жакшы нерсесине көз артканды жаман көргөн, тармал сакал атасы ошондогу кемпиринин тигинтип, шилекей чууртканын этибарга албай, өз оюн билдирип гана тим болгон эле: «Ээ, кемпир, антип суктанганыңы кой бирөөнүн мүлкүнө. Катындыгыңа барат экенсиң да. Башканын жаңы көйнөгүн көрсөңөр да силердин тукум туталанып кетмей адатыңар бар. Эмне, Карабай алтын сарай куруп койду дейсиңби. Бир үй да. Акча болсо, жаңгалда шорпо», – дейт өзбек туугандар. Аның сыңары андагы акча болсо, мен мындан он эки эсе артык үй тургузууга акылым жетип турат. Эңкеми кесип турган эле акча. Колхоз ушинтип эле туруп алат дейсиңби жарды болуп? Бизге да кезек келер. Ошондо бул Карабай менен мелдешип көрөрбүз. Мына, кудайга шүгүр, үч чүрпөбүз да биринин артынан бири ишке жарап келатат. Бизге жомоктогудай алтын сарайды ушулар салып берет, кемпир, кеп чыдап күтүштө». Энеси менен атасынын бул сөзүн ошондо угуп турган алардын кенже уулу ушул Жаныбек карып бараткан тигилердин алдында кандай карызы бар экендигин анда биринчи жолу ойлободу беле. Бүбүш эне эле дейсиңби? Чакырылбаса деле, Карабайдын бул үйүн көрүш үчүн дасторконуна эки нан болсо да ороп алып, өрүлүктөбөгөн катын бул айылда калбаган чыгар. Үйлөрүнө кайтып келгенден кийин алардын өз эрлерине сес көрсөткөнүн коё кал. Дасторконду ашкана жакка ыргытып жиберип: «Сызда туулуп, сызда жатып өлөт экенбиз да. Сат, уйду. Жетпесе, тиги эки эчкини кошо сат. Кара катык аш ичсек да, жарыгыраак үйдө олтуруп ичеличи, тирүүлөй көргө камалбай. Очокко от жаксаң, мурдуңан башка жериң жылыбаса. Сандалга отурсаң, бутуң ысыйт да, мурдуң какшайт. Ушул да турмушпу?» – деп, болбогон жерден буркан-шаркан түшкөн ичи тар аялдарын күйөөлөрү араң жоошуткандыгы тууралуу Жаныбек көп уккан. «Карабайдыкындай үй салыш үчүн оболу Карабай болуш керек. Андай болуш керек дегеним, ошондой райондун бир жак тизгинин өз колуна кармаган чоң болуш керек, эси жок. Алган айлыгы канча экенин билесиңби? Биздин жарым жыл иштеп тапканыбызды ал бир айда алат имиш. Андан башка чоңдордун элден канча аларын ким билсин. Биз эмнебизге там салабыз? Макул, уйду саталы. Ага кошуп эчкини деле пулдайлы. Ошол эле жетип калат дейсиңби? Жыгачыңа, дубалыңа жетсин дейли. Шифер деген неменин канча турарын билесиңби? Аны магазинден таппайсың. Колдон алган буюм ар убак кымбат. А макул, ага деле жетсин дейли. Уста акысына эмнени беребиз? Көп оолукпа, катын. Ар нерсенин өз убактысы бар. Колхозго да доор келер. Азыркыдай жыл маалына иштесең, бирок эмгегиңе алганың тамагыңан артпаса, анан Карабайдыкындай үй салыш тууралуу ойлогонубуз чекилик болор, төшөккө жараша эле бут сунганыбыз эле жакшы. Жалгыз уйдан же эки эчкиден ажыраганда, кышында кар жеп, жайында жамгыр суусун ичип олтурабызбы?» – деген камбыл эркектер. Койчу, ошол жылы Карабайдын үйүнүн арзавасы жыл маалына созулду. Согуштун алааматы гана элдин көз артканын тыйып, көңүлүн өлүм менен өмүр маңдай-тескей тура калган жакка буруп кетти. Мындан он беш жыл мурун айтылган элдин сөздөрүн мойнуна алып, бүгүн Карабай ошол «даңазалуу үйүнөн» аттанып чыкканда Жаныбектин бырс күлгөн себеби ошол. Бир кезде ошентип, Карабайдын бул үйүнө сугун арткандар азыр анын жанынан күлүп өтүшчү болду. Кимди шылдыңдамак эле? Карабайдыбы? Жалгыз аны гана эмес, өздөрүн кошо шылдыңдашып жатпайбы. Тиги Батыш Европаны колуна мылтык кармап, жөө басып чыккан элдин тагдырын коргоочу кыргыз жигиттери да далайларды көрүп кайтпадыбы. Карабайдын үйүн адегенде шылдыңга айландыргандар да ошолор болду. «Ушул үйдүн эмнесин аваз кылдык экен, ошондо. Пайдубалын кара. Жерди ойбой-нетпей эле кирпич коё берген тура, кайран неме. Азыр көрчү, жайлоонун шүүдүрүмүн аралап мал издеген кишинин чапан этегиндей нымданганы нымданган. Ичине киргендер болсо, ышка карайып эски талдын кабыгындай дал-далынан кеткен фанерлерин, такыр жуулбагандыктан, жерге айланып калган тактайын көрүшөт да: «Байкуш Карабай далай жыл чоң болуп жүрдү эле, шып менен тактайды эч болбосо жыл аралатып майлатып койгонду билген эмес экен да. Зайыбычы – зайыбы. Тактанын үстүндө жатканды билген киши, аны жууп-тазалаганды эмне үчүн үйрөнүп албады экен?» – деп, анын өзүн жана үйүн аяп, сөз кылышат. Азыр колхоздо тоют бригадасын башкарып жүргөн Карабай акенин теңтуштары көп. Алар жүздөшө калган сайын ага шылкым аралаш азил ташташат: «Каке, үйүңү тезирээк оңдобосоң, түбүндө каласың го. Баягы жылкыдай жер каарына алып, бир силкип койчу болсо, түбүнөн заги кетпеген немең туруштук бере албас». Карабай буурул мурутун кулагын көздөй баш бармак менен сөөмөйдүн арасында чыйрата кармап, андай азилге терикчү эмес, кайра шакабага өзү кошулуп: «Мен бул айылга жаңы типтеги үйдү биринчи болуп тургузгам. Эми элдин эң акырында курайын деп чечтим. Башкармага да менин үйүм тизменин этек жагында боло берсин десем күлдү. «Коёндун териси жарым жылга чарыкка чыдаптыр» – дейт, дагы бир жылга урабас. Уулум армиядан кайтаар жылы киришем. Дагы бир жылдан кийин анын мөөнөтү бүтмөк. Күлбөгүлө, досторум, менин үйүмө. Силердин ата-энеңердин бир кезде шилекейин чуурта суктандырган үй ушул. Ар нерсе өз учурунда кооз. Убакыттын жылышы менен сулуулук да жашы өткөн кишидей көз кумарын кандырбай калат. Көрөм, силердин азыр макталып жаткан үйүңөрдү дагы, он беш-жыйырма жылдан кийин. Шаарларда газ менен ичи ысыган, өзүндө мончосу бар, ысык, муздак суусу үзүлбөй аккан үйлөр пайда болуп атыптыр. Газет окуйсуңарбы деги? Мына, ошол үйлөр бул айылга келгенде силердин көзүңөргө алтын сарай болуп көрүнгөн мобереки үйүңөр менин бул үйүмүн кейпин кийип калаары жөнүндө ойлодуңарбы?» – дечү теңтуштарынын ичиндеги жаштарына шылдыңдуу карап. Кетмендин сабын бооруна такап, бүгүн өзүнүн көз алдындагы кыймылга келген кыштагына суктана тиктеп турган Жаныбектин оюн анчага дейре алагды кылган Карабай акенин карааны үзүлө бергенде гана анын үйү тууралуу ою токтоду. Жаныбек тогуз жылдан бери ушул колхоздун тамеки бригадасын башкарат. Айылды аралап бригадирлерден бөлөк ким жүрөт? Бирок кыштагынын көркүн бүгүнкүдөй суктанып караган эмес. Кийинки жети-сегиз жылдан бери нугу ачылган арыктан аккан суудай айылына кирип берекеге а да эли менен кошо маашыр. Антпегендечи! Кыйынчылыктын, талаш-тартыштын баары жетишпегендиктен тура. Эл башкаргандарды суук тумшук кылып, калкы менен аларды ачуу-аразга алып барган да турмуштун ошол өңгүл-дөңгүлү эмеспи. Колхозчулар эмгегине тонналап эгин, тутамдап акча алгандан бери маңдайы жарылып, паанайы жарык. Кайсы үйгө кирбегин – дасторкон толо нан, дөбөлөнгөн мөмө-чөмө, үй жаңылаган киши. Короосуна кирсең бут алдың шибер, төбөңдө саябан. Баксыз короону көрбөйсүз. Жаныбекти колхозчулары «чуруш маңдай» дешчү. Ал аты деле азыр калып кетти. Анын да азыр маңдайындагы тырышы жазылып, күлкүсү көбөйүп калган кез. Үй куруунун максаты февралдын башында жылдык жыйынтыкка карата өткөрүлгөн чогулуштан кайтып келген күнү болгон. Дасторкондун четинде олтуруп, Жаныбек, жеңеси Айсалкын болуп, бул үй-бүлөнүн өткөн жыл ичинде тапкан кирешеси дагы бир сыйра эсептелип чыккан болучу: үч миңден ашык акча, төрт тоннага жакын эгин. Чекене киреше эмес да! Кеч күздө буларга келип кошулган Жеңишбекти эсептебегенде бул үч кишинин гана иштеп тапканы. Жаныбек аялы менен, жеңеси Айсалкын – үчөөнүкү. – Менин сыйлыкка бүгүн алган алтын саатым буга кошулбасын, – деп күлдү Айсалкын. – Аны эчак эле сандыкка салып койгомун. Жеңишим үйлөнгөндө колуктусунун колуна тагамын. Баарынан төмөн жагына олтуруп, буларга чай сунуп жаткан Жеңишбек апасынын бул сөзүн укканда кулагына чейин кызарып, башын эңкейтип, желкесин кашынды. – Жок, жеңе, саатыңызды кирешеге кошконум жок. Ансыз деле жетет экен жаңы үй тургузууга. Анча-мынча даярдап койгон курулуш материалыбыз деги бар, – деп Жаныбек жадырап койгон. Эки күндөн кийин колхоздогу курулуш бригадасы кезек боюнча булардын үйүнө келмек. Ошондуктан, Жаныбек менен Жеңишбек бүгүн эски үйдү бузуш үчүн жумушка барбай калышкан. Жеңишбектин тамдын төбөсүнө чыга келиши тигинин жанагы желеленген оюн үзүп койду. Жеңишбек – Жаныбектин улуу агасы Сарымсактан калган жалгыз туяк. Майкечен ал там башында мизи өйдө карап жаткан экинчи кетменди ала койду да, күнгө күйгөн билек булчуңдары түйүлө калып, ары-бери тултуңдады. Көөнөргөн кара кепкасынын алдынан көрүнгөн жазы маңдайы, коёндукундай бакыракай көздөрү, оң кашын жаап уюлгуган тармал коюу чачы куду атасыныкындай. Анын кебетесине алдыртан тиктеп турган Жаныбектин көз алдына агасы Сарымсактын элеси тартыла берди… Жеңишбек армиядан күздө кайтып келди. Азыр колхоздо ошол жактан үйрөнүп келген кесиби боюнча монтёр болуп иштеп жүрөт. Онунчу классты бүткөндөн кийин армияга чакырылгандар кайткан соң көпчүлүгү окууга же шаарга жумушка орношуп кетишкен. – Муну деле ошентет ко, азыркы жаштар ата-эненин, агатуугандын тилин алчу беле, – деп анын армиядан келер тушун болжол менен билишкен жакындары салкын мамиле кылышканы ырас. Жок, Жеңишбек антпеди. – Эми, окууга кетерсиң, Жеңиш? – деп апасынын сынап берген суроосуна: – Жок, апа, силердей колхозчу эле болоюн деп турам. Атам колхозчу, апам колхозчу экенсиңер. Мен да колхозчу болууну чечтим. Баарыбыз эле шаарды көздөй кете берсек, колхоздо ким калат? Керек деп тапса, окууга колхоз өзү деле жиберет. Иши кылып окууга барсам да, колхоз аркылуу барам, апа, – деп тигилердин санаасын тындырып койгон. Атасына окшоп, оор басырык сүйлөп, сабырдуу жүргөнүнөн апасы менен агасы андан үмүттүү. Жеңиш колуна кетменди алары менен «бери бас» дегенсип, Жаныбек үйдүн бир четин көздөй кадам шилтеди. Далистин тушуна барып, арык колдорунун тарамыштарын түйүлтө, кетменин төбөсүнө көтөрдү да чаппастан Жаныбек кайра жерге койду. Эмне үчүн? Анын маңдай териси жыйрыла түштү, кырдач мурдунун таноолору кериле берди. Ким билет, балким, ичинде ата-энесинин өмүрү өтүп, агалары төрөлгөн бул үй азыр жаш балапандардын уясындай ыйык көрүнүп, бузууга дити барбай жаткандыр. Мындай болушу да ыктымал. Баягы жылы бир актив чыкма жигит атасынын эски имаратын бузганда, Жаныбектин апасы кыйын нааразы болгон: – Ботом атасынын жайын бузат деген кандай шумдук? Ата жайын байлуканага айландырып таштап, жаңы үйүндө мамыр-жумур жашаганын көрүп турабыз го. Арбак ыраазы болмоюн, тирүү жан жарыбайт. Атасынын колу менен курулган жайды бузганы – арбактарды безиткени. Балким, аны ыргылжың кылып турган апасынын ушул сөзүдүр. Андай болсо, кийинки беш-алты жылдан бери жыл сайын бул кыштакта он беш-жыйырмадан эски жайлар кулап, ордуна үстү шифер, тунуке же черепица менен жабылып, пайдубалы жарым метрче цементке отургузулган, кош терезелүү үйлөр курулуп эле жатпайбы? Жаныбек жеңеси Айсалкын экөө да ошондой үй тургузууну көптөн бери дегдеп жүрүшпөдү беле? Антпегенде бүлө көбөйүп да баратат. Эки үй, бир далис кимисине калкалагыч болсун? Бети-башын жалмалап өтүп жаткан зааркы желден ичиркенгендей Жаныбек далысын куушура бир жыйрылып алды да, таңданган мүнөздө өзүнө карап турган Жеңишбекти көрө коюп, уялып кетти көрүнөт, ошол замат кетмендин сабына колдору ороло түштү. Өмүргө өмүр кошомун деп, мунарыктана көз учуна араң урунган горизонттун тээ береги четинен, ааламга күлө карап шаша чыккан күндүн нурлары менен Жаныбек төбөсүнө бийик көтөргөн кетмендин пеши кездеше калды окшойт, айнекке күзгү тоскондой ал жарк эте берди. Соңунан лакыйган кетменден ыргытылган топурак тамдын арт жагына барып күп этти да, чаң-тозоңу оболоп жөнөдү. Жеңишбектин кетмени да ушул көрүнүштү кайталап жатты. Түшкө дейре бир үйдүн төбөсүн тизеден келген кара чирик саман аралаш топурактан экөө араң арытышты. Экинчисинин үстүн жарымдаган кезде, Жаныбек кууш маңдайынан мончоктогон терди жеңи менен шыпыра аарчынып, анан тамеки тутантты. Топурактан арыган торсундун бирине көчүк басып, экинчисине узун буттарын тирей отура кетти да, жаак этин капшыра папиросун соро баштады. Кебетеси ишке берилип кетип, ага кумары аша түшкөнбү, кайра-кайра тартып, оозунан, мурдунан көгүш түтүн булатып жатты. Бул дем алыштан пайдаланып Жеңишбек шатыны кайчылдата, суусун ичип келейин деп төмөн түшүп кеткен. Дароо эле катуу кагазына жете түшкөн папироско чырт эттире тиш арасынан түкүргөн Жаныбек аны бут арасынан ылдый чертип жиберди. Өзү эмнегедир, жаш балачасынан анын кайда барып түшөрүнө көз салды. Үстүн жука топурак каптаган тегерек нерсенин үстүнө барып бир тийгенде гана папиростун күлгө айланган жагы үзүлүп кетти. – Тегерек нерсе эмне болду. Кичинебизде апам бизге аш куюп берчү кара аяк эмеспи? Аякка окшобойт. Те тамдын төбөсүнөн түшкөн кесектин калдырканы бекен?.. Кандайдыр бир сезим Жаныбектин жүрөгүн жанып өттү: – Нан!.. Баягы нан!.. Муунган кишидей анын добушу каргылданып чыкты. Додолонгон топурактын үстүнө тик секирген Жаныбек алигини кош колдоп ала койду да, бетиндеги топуракты үйлөп жиберип, бооруна кысты. Чын эле нан экен!.. – Муну Айсалкын жеңем кантип унутуп койду? Бул үйдүн какыр-чикирин өзү баш болуп жыйнаштырбады беле? Кантип нанды унутуп калды? Же: «Ырымдалганы менен не пайда берди, андан көрө топурак алдында тапталып калганы артык эмеспи» – деп атайлап таштады бекен? Андай болууга тийиш эмес эле. Далай жылдан бери ушул үйдүн шыбында ак калтага илинип турчу бу нанды бапестеп, бетин жөргөмүштүн желесине бастырбай, маңар байлатпай апам өлгөндөн бери сактап келаткан өзү эмес беле? Жаныбек азыр бооруна кысып турган нандын четинен үч жери кетилген. Анын экөө улуу агаларынын тиши тийген жер. Үчүнчүсү – өзүнүкү. Бу нанды Бүбүш апа өзү жаап, өз колу менен биринчи жолу тун баласы Сарымсак кан майданга жөнөп жатканда ат жалына сунган: – Четинен тиштеп кой, балам! Ылайым туз-насибиң өз үйүңөн буюрсун! Ушул тилек менен экинчи уулу Асылбекти, кийинчерээк Жаныбегин атказган. Жок, эненин тилегениндей болбой калды. Ал тилек кылгандай Сарымсак менен Асылбек кайрылып келип, эне колу сунган алиги нандан тиштебей калышты. Урушка жетпей кенже баласы Жаныбек гана кайрылып, бул үйдөн кайра даам татты, бирок аны эне көрбөй калды. Жеңиш жылы төрт жыл бою тиктеген анын көзү түбөлүккө жумулган болучу. Агалары менен энесинин ал эстелиги бут астында тепселип калганын көргөн Жаныбектин каңырыгы түтөй түштү: апасынын, уялаштарынын жыты ушул нанда сакталып калгандай аны бетине кармап жыттай берди эле, көз жашы чаңдуу жүзүнөн төмөн көздөй из салды. Ушул кезде нары жактан суу ичип чыккан Жеңишбек агасынын тиги абалын көрүп селт этти… Эки жарым айдан кийин ак калтага салынган нан жаңы үйдүн шыбынан кайра орун алды…
8D·домашнее заданиеКыргызская литература:,,Нан" аңгемесин толук окуп келүү, 👇суроолорго жазуу жүзүндө жооп берүү ЖУНАЙ МАВЛЯНОВ: НАН АҢГЕМЕ Мындан үч-төрт күн илгери Жаныбек, жаңы таамил алма багынын бир четинде чычкан кулагындай бариктерин эртели-кеч жүргөн желге жалмалатып турчу жалгыз түп талдын көзүнө карабай, эки түз кадасын кыйган болучу. Кабыгын аарчып таштаганга тез кургаса керек, кечинде жакшылап чыңдалган эки кетменди аларга аштап кийгизди да, бүгүн күн али нурлуу жүзүн ааламга көрсөтө элек маалда, биринин артынан экинчисин удаа тамдын төбөсүнө ыргытты. Жан жыгачы күнгө күйүп, эскиси жеткен шатыга бут койгондо майланбаган арабанын күпчөгүндөй андан «кыйч-кыйч» эткен жагымсыз добуш чыгып турду. Белгилүү Бозбунун зааркы жели… Эрте менен кечинде ал тараптан соккон сыдырымга жылаңач көкүрөк тосуп, ооз ачып туруу өзүнчө ырахат! Тамдын төбөсүнө чыгары менен ушул желге кабылган Жаныбектин бою сергелең тарта, жеңи каруусуна чейин түрүлгөн колдорун капталына өйдө көтөрө берди эле, учууга камынган илегилектей далдая түштү. Түн ичинде алыстан көрүнгөн өрттүн алабындай мала кызыл тартып тыктана баштаган күн чыгыш тарапка саамга тиктеп турду да, ал маңдай жагы терге маңарланган чий калпагын кайруусунан кармап, пешенесин көздөй басып койду. Мына, ал отуз төрт жылдан бери өмүр кечирип келаткан жер – Жайылма айылы. Алакандын отунда жайлашкандай анын бүт турпаты азыр мунун көз алдында. Бир канаты тээтиги өзбектин бак-дарактуу кыштагынан тартып, береги Бозбу тоосунун этегине чейин созулган бул кыштактын айлана-тегереги көл бетиндей тегиз. Этектеш толкундардай жерге ыкшала ыргалган буудай массивинин арасынан атылып чыккан торгойлор заматта асман бооруна асыла калат да, канаттарын дирилдете алда немелерди күүгө сала безеленет… Үй жанындагы кол арыкта суу шылдырт… шылдырт… Кетмен сабына жөлөнгөн Жаныбек кыштагына көз чаптырды. Эки тарабына окшош жаңы үйлөргө толуп келаткан мобереки түптүз жол «Жаңы-Көчө» деп аталат. Анын көз жоосун алып жаткан ушул көчөнүн боюндагы жаңы үйлөр. Баксыз короо жок. Айрым үй ээлери колдоруна бак бычагын кармап, дарактагы бейпайда өскөн шак-бутакты торой кесип жүрсө, дагы бирөөлөр короо ичине эгилген пал-пал пияз, сабиздеринин жөөгүнө суу жылжытуу менен алек. Жаш балдар болсо, чүрмөктүү челек алышып, короо ичиндеги жыпар чачкан гүлдөргө «жамгыр жаадырып» жүрүшөт. Жумушка кеткенге чейин үй тиричилигин бүткөрүп коюуга көнгөн колхозчу калк эрте турат эмеспи. Бүгүн таң заардан там башында турган Жаныбектин көзүнө биринчи болуп Карабай урунду. Чөп чапкандарга жөнөсө керек, ал эки жагын аңдабай сопол куйрук карагерин капталга катуу теминип баратат. Аны карап туруп, Жаныбек эмнегедир бырс этип күлүп алды. Ал азыр суктана тиктеп турган «Жаңы-Көчөнүн» бар четинде өңчөй жаштардын арасындагы мойсотуп кишидей, көзгө комсоо көрүнгөн үй ушунуку – Карабай акеники. Аны уруштан бир жыл мурун тургузган эле. Ал кезде Карабай аке райондогу бакандай чоңдордун бири. Ошондой болсо да, акыры өз кыштагына келерине көзү жеткен белем, ушул үйдү тургузган болучу. Учурунда кимдер ага суктанбады дейсиң. «Бу дүйнөгө устун болуп калбагандан кийин, жарым күн болсо да, Карабайдыкындай үйдө жашаганга не жетсин! Асты такта, шыбы фанер, туш-тарабы терезе… ичи-тышы аппак. Кирген кишинин баари ачылат. Үй болбосоң коё кал. Колунан иш келбесе да, Карабайдын зайыбынын ырысы бар неме экен». Карабайдын ушул үйү бүткөндө анын какондосуна барып келген күнкү таңдана айткан апасынын бул сөзү азыр анын кулагында угулгансыды. Бардык нерсеге оор салмактуу карап, башканын жакшы нерсесине көз артканды жаман көргөн, тармал сакал атасы ошондогу кемпиринин тигинтип, шилекей чууртканын этибарга албай, өз оюн билдирип гана тим болгон эле: «Ээ, кемпир, антип суктанганыңы кой бирөөнүн мүлкүнө. Катындыгыңа барат экенсиң да. Башканын жаңы көйнөгүн көрсөңөр да силердин тукум туталанып кетмей адатыңар бар. Эмне, Карабай алтын сарай куруп койду дейсиңби. Бир үй да. Акча болсо, жаңгалда шорпо», – дейт өзбек туугандар. Аның сыңары андагы акча болсо, мен мындан он эки эсе артык үй тургузууга акылым жетип турат. Эңкеми кесип турган эле акча. Колхоз ушинтип эле туруп алат дейсиңби жарды болуп? Бизге да кезек келер. Ошондо бул Карабай менен мелдешип көрөрбүз. Мына, кудайга шүгүр, үч чүрпөбүз да биринин артынан бири ишке жарап келатат. Бизге жомоктогудай алтын сарайды ушулар салып берет, кемпир, кеп чыдап күтүштө». Энеси менен атасынын бул сөзүн ошондо угуп турган алардын кенже уулу ушул Жаныбек карып бараткан тигилердин алдында кандай карызы бар экендигин анда биринчи жолу ойлободу беле. Бүбүш эне эле дейсиңби? Чакырылбаса деле, Карабайдын бул үйүн көрүш үчүн дасторконуна эки нан болсо да ороп алып, өрүлүктөбөгөн катын бул айылда калбаган чыгар. Үйлөрүнө кайтып келгенден кийин алардын өз эрлерине сес көрсөткөнүн коё кал. Дасторконду ашкана жакка ыргытып жиберип: «Сызда туулуп, сызда жатып өлөт экенбиз да. Сат, уйду. Жетпесе, тиги эки эчкини кошо сат. Кара катык аш ичсек да, жарыгыраак үйдө олтуруп ичеличи, тирүүлөй көргө камалбай. Очокко от жаксаң, мурдуңан башка жериң жылыбаса. Сандалга отурсаң, бутуң ысыйт да, мурдуң какшайт. Ушул да турмушпу?» – деп, болбогон жерден буркан-шаркан түшкөн ичи тар аялдарын күйөөлөрү араң жоошуткандыгы тууралуу Жаныбек көп уккан. «Карабайдыкындай үй салыш үчүн оболу Карабай болуш керек. Андай болуш керек дегеним, ошондой райондун бир жак тизгинин өз колуна кармаган чоң болуш керек, эси жок. Алган айлыгы канча экенин билесиңби? Биздин жарым жыл иштеп тапканыбызды ал бир айда алат имиш. Андан башка чоңдордун элден канча аларын ким билсин. Биз эмнебизге там салабыз? Макул, уйду саталы. Ага кошуп эчкини деле пулдайлы. Ошол эле жетип калат дейсиңби? Жыгачыңа, дубалыңа жетсин дейли. Шифер деген неменин канча турарын билесиңби? Аны магазинден таппайсың. Колдон алган буюм ар убак кымбат. А макул, ага деле жетсин дейли. Уста акысына эмнени беребиз? Көп оолукпа, катын. Ар нерсенин өз убактысы бар. Колхозго да доор келер. Азыркыдай жыл маалына иштесең, бирок эмгегиңе алганың тамагыңан артпаса, анан Карабайдыкындай үй салыш тууралуу ойлогонубуз чекилик болор, төшөккө жараша эле бут сунганыбыз эле жакшы. Жалгыз уйдан же эки эчкиден ажыраганда, кышында кар жеп, жайында жамгыр суусун ичип олтурабызбы?» – деген камбыл эркектер. Койчу, ошол жылы Карабайдын үйүнүн арзавасы жыл маалына созулду. Согуштун алааматы гана элдин көз артканын тыйып, көңүлүн өлүм менен өмүр маңдай-тескей тура калган жакка буруп кетти. Мындан он беш жыл мурун айтылган элдин сөздөрүн мойнуна алып, бүгүн Карабай ошол «даңазалуу үйүнөн» аттанып чыкканда Жаныбектин бырс күлгөн себеби ошол. Бир кезде ошентип, Карабайдын бул үйүнө сугун арткандар азыр анын жанынан күлүп өтүшчү болду. Кимди шылдыңдамак эле? Карабайдыбы? Жалгыз аны гана эмес, өздөрүн кошо шылдыңдашып жатпайбы. Тиги Батыш Европаны колуна мылтык кармап, жөө басып чыккан элдин тагдырын коргоочу кыргыз жигиттери да далайларды көрүп кайтпадыбы. Карабайдын үйүн адегенде шылдыңга айландыргандар да ошолор болду. «Ушул үйдүн эмнесин аваз кылдык экен, ошондо. Пайдубалын кара. Жерди ойбой-нетпей эле кирпич коё берген тура, кайран неме. Азыр көрчү, жайлоонун шүүдүрүмүн аралап мал издеген кишинин чапан этегиндей нымданганы нымданган. Ичине киргендер болсо, ышка карайып эски талдын кабыгындай дал-далынан кеткен фанерлерин, такыр жуулбагандыктан, жерге айланып калган тактайын көрүшөт да: «Байкуш Карабай далай жыл чоң болуп жүрдү эле, шып менен тактайды эч болбосо жыл аралатып майлатып койгонду билген эмес экен да. Зайыбычы – зайыбы. Тактанын үстүндө жатканды билген киши, аны жууп-тазалаганды эмне үчүн үйрөнүп албады экен?» – деп, анын өзүн жана үйүн аяп, сөз кылышат. Азыр колхоздо тоют бригадасын башкарып жүргөн Карабай акенин теңтуштары көп. Алар жүздөшө калган сайын ага шылкым аралаш азил ташташат: «Каке, үйүңү тезирээк оңдобосоң, түбүндө каласың го. Баягы жылкыдай жер каарына алып, бир силкип койчу болсо, түбүнөн заги кетпеген немең туруштук бере албас». Карабай буурул мурутун кулагын көздөй баш бармак менен сөөмөйдүн арасында чыйрата кармап, андай азилге терикчү эмес, кайра шакабага өзү кошулуп: «Мен бул айылга жаңы типтеги үйдү биринчи болуп тургузгам. Эми элдин эң акырында курайын деп чечтим. Башкармага да менин үйүм тизменин этек жагында боло берсин десем күлдү. «Коёндун териси жарым жылга чарыкка чыдаптыр» – дейт, дагы бир жылга урабас. Уулум армиядан кайтаар жылы киришем. Дагы бир жылдан кийин анын мөөнөтү бүтмөк. Күлбөгүлө, досторум, менин үйүмө. Силердин ата-энеңердин бир кезде шилекейин чуурта суктандырган үй ушул. Ар нерсе өз учурунда кооз. Убакыттын жылышы менен сулуулук да жашы өткөн кишидей көз кумарын кандырбай калат. Көрөм, силердин азыр макталып жаткан үйүңөрдү дагы, он беш-жыйырма жылдан кийин. Шаарларда газ менен ичи ысыган, өзүндө мончосу бар, ысык, муздак суусу үзүлбөй аккан үйлөр пайда болуп атыптыр. Газет окуйсуңарбы деги? Мына, ошол үйлөр бул айылга келгенде силердин көзүңөргө алтын сарай болуп көрүнгөн мобереки үйүңөр менин бул үйүмүн кейпин кийип калаары жөнүндө ойлодуңарбы?» – дечү теңтуштарынын ичиндеги жаштарына шылдыңдуу карап. Кетмендин сабын бооруна такап, бүгүн өзүнүн көз алдындагы кыймылга келген кыштагына суктана тиктеп турган Жаныбектин оюн анчага дейре алагды кылган Карабай акенин карааны үзүлө бергенде гана анын үйү тууралуу ою токтоду. Жаныбек тогуз жылдан бери ушул колхоздун тамеки бригадасын башкарат. Айылды аралап бригадирлерден бөлөк ким жүрөт? Бирок кыштагынын көркүн бүгүнкүдөй суктанып караган эмес. Кийинки жети-сегиз жылдан бери нугу ачылган арыктан аккан суудай айылына кирип берекеге а да эли менен кошо маашыр. Антпегендечи! Кыйынчылыктын, талаш-тартыштын баары жетишпегендиктен тура. Эл башкаргандарды суук тумшук кылып, калкы менен аларды ачуу-аразга алып барган да турмуштун ошол өңгүл-дөңгүлү эмеспи. Колхозчулар эмгегине тонналап эгин, тутамдап акча алгандан бери маңдайы жарылып, паанайы жарык. Кайсы үйгө кирбегин – дасторкон толо нан, дөбөлөнгөн мөмө-чөмө, үй жаңылаган киши. Короосуна кирсең бут алдың шибер, төбөңдө саябан. Баксыз короону көрбөйсүз. Жаныбекти колхозчулары «чуруш маңдай» дешчү. Ал аты деле азыр калып кетти. Анын да азыр маңдайындагы тырышы жазылып, күлкүсү көбөйүп калган кез. Үй куруунун максаты февралдын башында жылдык жыйынтыкка карата өткөрүлгөн чогулуштан кайтып келген күнү болгон. Дасторкондун четинде олтуруп, Жаныбек, жеңеси Айсалкын болуп, бул үй-бүлөнүн өткөн жыл ичинде тапкан кирешеси дагы бир сыйра эсептелип чыккан болучу: үч миңден ашык акча, төрт тоннага жакын эгин. Чекене киреше эмес да! Кеч күздө буларга келип кошулган Жеңишбекти эсептебегенде бул үч кишинин гана иштеп тапканы. Жаныбек аялы менен, жеңеси Айсалкын – үчөөнүкү. – Менин сыйлыкка бүгүн алган алтын саатым буга кошулбасын, – деп күлдү Айсалкын. – Аны эчак эле сандыкка салып койгомун. Жеңишим үйлөнгөндө колуктусунун колуна тагамын. Баарынан төмөн жагына олтуруп, буларга чай сунуп жаткан Жеңишбек апасынын бул сөзүн укканда кулагына чейин кызарып, башын эңкейтип, желкесин кашынды. – Жок, жеңе, саатыңызды кирешеге кошконум жок. Ансыз деле жетет экен жаңы үй тургузууга. Анча-мынча даярдап койгон курулуш материалыбыз деги бар, – деп Жаныбек жадырап койгон. Эки күндөн кийин колхоздогу курулуш бригадасы кезек боюнча булардын үйүнө келмек. Ошондуктан, Жаныбек менен Жеңишбек бүгүн эски үйдү бузуш үчүн жумушка барбай калышкан. Жеңишбектин тамдын төбөсүнө чыга келиши тигинин жанагы желеленген оюн үзүп койду. Жеңишбек – Жаныбектин улуу агасы Сарымсактан калган жалгыз туяк. Майкечен ал там башында мизи өйдө карап жаткан экинчи кетменди ала койду да, күнгө күйгөн билек булчуңдары түйүлө калып, ары-бери тултуңдады. Көөнөргөн кара кепкасынын алдынан көрүнгөн жазы маңдайы, коёндукундай бакыракай көздөрү, оң кашын жаап уюлгуган тармал коюу чачы куду атасыныкындай. Анын кебетесине алдыртан тиктеп турган Жаныбектин көз алдына агасы Сарымсактын элеси тартыла берди… Жеңишбек армиядан күздө кайтып келди. Азыр колхоздо ошол жактан үйрөнүп келген кесиби боюнча монтёр болуп иштеп жүрөт. Онунчу классты бүткөндөн кийин армияга чакырылгандар кайткан соң көпчүлүгү окууга же шаарга жумушка орношуп кетишкен. – Муну деле ошентет ко, азыркы жаштар ата-эненин, агатуугандын тилин алчу беле, – деп анын армиядан келер тушун болжол менен билишкен жакындары салкын мамиле кылышканы ырас. Жок, Жеңишбек антпеди. – Эми, окууга кетерсиң, Жеңиш? – деп апасынын сынап берген суроосуна: – Жок, апа, силердей колхозчу эле болоюн деп турам. Атам колхозчу, апам колхозчу экенсиңер. Мен да колхозчу болууну чечтим. Баарыбыз эле шаарды көздөй кете берсек, колхоздо ким калат? Керек деп тапса, окууга колхоз өзү деле жиберет. Иши кылып окууга барсам да, колхоз аркылуу барам, апа, – деп тигилердин санаасын тындырып койгон. Атасына окшоп, оор басырык сүйлөп, сабырдуу жүргөнүнөн апасы менен агасы андан үмүттүү. Жеңиш колуна кетменди алары менен «бери бас» дегенсип, Жаныбек үйдүн бир четин көздөй кадам шилтеди. Далистин тушуна барып, арык колдорунун тарамыштарын түйүлтө, кетменин төбөсүнө көтөрдү да чаппастан Жаныбек кайра жерге койду. Эмне үчүн? Анын маңдай териси жыйрыла түштү, кырдач мурдунун таноолору кериле берди. Ким билет, балким, ичинде ата-энесинин өмүрү өтүп, агалары төрөлгөн бул үй азыр жаш балапандардын уясындай ыйык көрүнүп, бузууга дити барбай жаткандыр. Мындай болушу да ыктымал. Баягы жылы бир актив чыкма жигит атасынын эски имаратын бузганда, Жаныбектин апасы кыйын нааразы болгон: – Ботом атасынын жайын бузат деген кандай шумдук? Ата жайын байлуканага айландырып таштап, жаңы үйүндө мамыр-жумур жашаганын көрүп турабыз го. Арбак ыраазы болмоюн, тирүү жан жарыбайт. Атасынын колу менен курулган жайды бузганы – арбактарды безиткени. Балким, аны ыргылжың кылып турган апасынын ушул сөзүдүр. Андай болсо, кийинки беш-алты жылдан бери жыл сайын бул кыштакта он беш-жыйырмадан эски жайлар кулап, ордуна үстү шифер, тунуке же черепица менен жабылып, пайдубалы жарым метрче цементке отургузулган, кош терезелүү үйлөр курулуп эле жатпайбы? Жаныбек жеңеси Айсалкын экөө да ошондой үй тургузууну көптөн бери дегдеп жүрүшпөдү беле? Антпегенде бүлө көбөйүп да баратат. Эки үй, бир далис кимисине калкалагыч болсун? Бети-башын жалмалап өтүп жаткан зааркы желден ичиркенгендей Жаныбек далысын куушура бир жыйрылып алды да, таңданган мүнөздө өзүнө карап турган Жеңишбекти көрө коюп, уялып кетти көрүнөт, ошол замат кетмендин сабына колдору ороло түштү. Өмүргө өмүр кошомун деп, мунарыктана көз учуна араң урунган горизонттун тээ береги четинен, ааламга күлө карап шаша чыккан күндүн нурлары менен Жаныбек төбөсүнө бийик көтөргөн кетмендин пеши кездеше калды окшойт, айнекке күзгү тоскондой ал жарк эте берди. Соңунан лакыйган кетменден ыргытылган топурак тамдын арт жагына барып күп этти да, чаң-тозоңу оболоп жөнөдү. Жеңишбектин кетмени да ушул көрүнүштү кайталап жатты. Түшкө дейре бир үйдүн төбөсүн тизеден келген кара чирик саман аралаш топурактан экөө араң арытышты. Экинчисинин үстүн жарымдаган кезде, Жаныбек кууш маңдайынан мончоктогон терди жеңи менен шыпыра аарчынып, анан тамеки тутантты. Топурактан арыган торсундун бирине көчүк басып, экинчисине узун буттарын тирей отура кетти да, жаак этин капшыра папиросун соро баштады. Кебетеси ишке берилип кетип, ага кумары аша түшкөнбү, кайра-кайра тартып, оозунан, мурдунан көгүш түтүн булатып жатты. Бул дем алыштан пайдаланып Жеңишбек шатыны кайчылдата, суусун ичип келейин деп төмөн түшүп кеткен. Дароо эле катуу кагазына жете түшкөн папироско чырт эттире тиш арасынан түкүргөн Жаныбек аны бут арасынан ылдый чертип жиберди. Өзү эмнегедир, жаш балачасынан анын кайда барып түшөрүнө көз салды. Үстүн жука топурак каптаган тегерек нерсенин үстүнө барып бир тийгенде гана папиростун күлгө айланган жагы үзүлүп кетти. – Тегерек нерсе эмне болду. Кичинебизде апам бизге аш куюп берчү кара аяк эмеспи? Аякка окшобойт. Те тамдын төбөсүнөн түшкөн кесектин калдырканы бекен?.. Кандайдыр бир сезим Жаныбектин жүрөгүн жанып өттү: – Нан!.. Баягы нан!.. Муунган кишидей анын добушу каргылданып чыкты. Додолонгон топурактын үстүнө тик секирген Жаныбек алигини кош колдоп ала койду да, бетиндеги топуракты үйлөп жиберип, бооруна кысты. Чын эле нан экен!.. – Муну Айсалкын жеңем кантип унутуп койду? Бул үйдүн какыр-чикирин өзү баш болуп жыйнаштырбады беле? Кантип нанды унутуп калды? Же: «Ырымдалганы менен не пайда берди, андан көрө топурак алдында тапталып калганы артык эмеспи» – деп атайлап таштады бекен? Андай болууга тийиш эмес эле. Далай жылдан бери ушул үйдүн шыбында ак калтага илинип турчу бу нанды бапестеп, бетин жөргөмүштүн желесине бастырбай, маңар байлатпай апам өлгөндөн бери сактап келаткан өзү эмес беле? Жаныбек азыр бооруна кысып турган нандын четинен үч жери кетилген. Анын экөө улуу агаларынын тиши тийген жер. Үчүнчүсү – өзүнүкү. Бу нанды Бүбүш апа өзү жаап, өз колу менен биринчи жолу тун баласы Сарымсак кан майданга жөнөп жатканда ат жалына сунган: – Четинен тиштеп кой, балам! Ылайым туз-насибиң өз үйүңөн буюрсун! Ушул тилек менен экинчи уулу Асылбекти, кийинчерээк Жаныбегин атказган. Жок, эненин тилегениндей болбой калды. Ал тилек кылгандай Сарымсак менен Асылбек кайрылып келип, эне колу сунган алиги нандан тиштебей калышты. Урушка жетпей кенже баласы Жаныбек гана кайрылып, бул үйдөн кайра даам татты, бирок аны эне көрбөй калды. Жеңиш жылы төрт жыл бою тиктеген анын көзү түбөлүккө жумулган болучу. Агалары менен энесинин ал эстелиги бут астында тепселип калганын көргөн Жаныбектин каңырыгы түтөй түштү: апасынын, уялаштарынын жыты ушул нанда сакталып калгандай аны бетине кармап жыттай берди эле, көз жашы чаңдуу жүзүнөн төмөн көздөй из салды. Ушул кезде нары жактан суу ичип чыккан Жеңишбек агасынын тиги абалын көрүп селт этти… Эки жарым айдан кийин ак калтага салынган нан жаңы үйдүн шыбынан кайра орун алды…
8D·домашнее заданиеКыргызская литература:Таблицаны толтуруу👇тиркеп койдум
9A·домашнее заданиеГеография:Нарын облусунун калкы, чарбасы, экологиялык көйгөйү, транспорту. Практикалык иш №10 Райондогу жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча бизнес-план түзүү.
9B·домашнее заданиеКыргызская литература:"Жеңишбек" поэмасын окуп келүү, суроолорго жооп жазуу, сөздүктөр менен иштөө- Вт31. 03.
10B·домашнее заданиеКыргызская литература:Аман Саспаев ,, Татым туз" аңгемесин толук окуп келүү , 158- суроолорго жооп берүү
10C, 10А, 10B SOC·Назначено домашнее заданиеICT extra:CodeHS. Class code:9F216
11B·Назначено домашнее заданиеComputer:Explain your future 5 year plan (including your desired university, plans after graduating....). Use AI to make your plans look excellent and send your results to talasmanasataict@gmail.com.
11А, 11B , 11C SOC·Назначено домашнее заданиеАдам жана коом:Теманы окуп түшүнүк айтуу
7A·домашнее заданиеГеография:§ 37. Евразия Атлас боюнча аныктагыла. 1. Эң четки чекиттердин координаттарын аныктагыла 2.Материктин түндүктөн түштүккө карай 80° чыгыш узундук боюнча узундугун өлчөгүлө. 3.Материктин батыштан чыгышка карай 40° түндүк кеңдик боюнча кеңдигин аныктагыла. 4.Евразиянын чекиттерин, аралдарын, дениздерин, булундарын аныктагыла.
7B·Назначено домашнее заданиеChemistry:learn chemical symbol
7B·Назначено домашнее заданиеКыргызская литература:Зареддин Бабар жөнүндөдептерибизге конспект жазуу, маалымат топтоо 2. Презентация жасаса болот 3. "БАБУР НАМЕ" чыгармасы тууралуу окуп келүү
7C·Назначено домашнее заданиеChemistry:learn chemical symbol
7C·Назначено домашнее заданиеГеография:Внутренние воды.
7C·домашнее заданиеГеография:Климат. Практическая работа ( доп)
7C·домашнее заданиеРусская литература:Читать "Белый Бим Черное ухо", Изумруд", Последний лист
8A·домашнее заданиеГеография:Тапшырма 1 — Сабакка даярдануу Тапшырма 2 — Атлас боюнча иштөө. Борбордук Тянь-Шандын физикалык географиялык жалпы абалы.
8A·Назначено домашнее заданиеОрус адабияты:Выучить наизусть В царском селе,Стихи о Москве
8B·Назначено домашнее заданиеComputer:Repeat chapters 14, 15, 17. Next week exam
8B·Назначено домашнее заданиеИстория развития религий:1) §21 Нравственные ценности (Адеп-Ахлак) в Исламе (конспектировать) 2) Творческая тема: «Почему это качество (ахлак) важно в современном мире?» Приведите примеры из повседневной жизни. до 07.04.2026
8B·домашнее заданиеИстория развития религий:1-задание: §20 Семья в Исламе. (конспектировать) 2-Творческая задание: «Дедушка и бабушка-семейный университет.» до 31.03.2026
8C·Назначено домашнее заданиеИстория развития религий:1) §21 Нравственные ценности (Адеп-Ахлак) в Исламе (конспектировать) 2) Творческая тема: «Почему это качество (ахлак) важно в современном мире?» Приведите примеры из повседневной жизни. до 07.04.2026
8C·домашнее заданиеИстория развития религий:1-задание: §20 Семья в Исламе. (конспектировать) 2-Творческая задание: «Дедушка и бабушка-семейный университет.» до 31.03.2026
8D·домашнее заданиеГеография:Внутренний Тянь-Шань. Практическая работа №14.
9A·Назначено домашнее заданиеАдам жана коом:Тема боюнча сүрөт тартуу
9C·домашнее заданиеГеография:Хозяйство, транспорт, туризм и экологические проблемы области. Практическая работа №12
9C·Назначено домашнее заданиеГеография:ЭГП и природно-ресурсный потенциал Ошской области.- Ср01. 04.
10B·Назначено домашнее заданиеГеография:География сельского хозяйства
10B·домашнее заданиеКыргызский язык:Китеп боюнча
10C·домашнее заданиеКлассный час:23-24-сабак. Намыскөйлүк. "Эрди намыс өлтүрөт". Баарынан намыс жогору турат. Ар-намыс түшүнүгү.
10C·Назначено домашнее заданиеКлассный час:27-28 сабак. Убакыт-мезгил жарыгы. Ар нерсенин, мезгилдин, убакыттын адам жашоосундагы мааниси. Тайм менеджмент.
10C·домашнее заданиеКыргызский язык:Китеп боюнча
11B·Назначено домашнее заданиеГеография:Тематическое оценивание достижений учащихся
11B , 11C , 11А SOC·Назначено домашнее заданиеДуйно тарыхы:Окуп түшүнүк айтуу
11B , 11C , 11А SOC·Назначено домашнее заданиеДуйно тарыхы:Теманы окуп түшүнүк айтуу
11B , 11C , 11А SOC·Назначено домашнее заданиеДуйно тарыхы:пар 21
7A·Назначено домашнее заданиеComputer:Repeat chapters 14, 15, 17. Next week exam
7A·домашнее заданиеГеография:1) 1-тапшырма: Сабакка даярдануу § 38. Евразиянын рельефи жана кен байлыктары 2) 2-тапшырма: Атлас менен иштөө § 38 Евразиянын Тоолору, Түздүктөрү, Жанар тоолору, Евразиянын кен байлыктары
7B·Назначено домашнее заданиеИстория Кыргызстана:напишите свое путешествие
7B·Назначено домашнее заданиеЧеловек и общество:напишите свое путешествие
7C·домашнее заданиеИстория развития религий:1) § 13–14 Даосизм Путь, Гармония и Мудрость (конспектировать) 2) Задание 2: Свободное эссе «Если бы ты был настоящим даосом, как бы ты жил в наши дни?»
7C·домашнее заданиеРусский язык:Внутренние воды.
8A·домашнее заданиеДиндердин онугуу тарыхы:1) § 20 Исламдагы Үй-бүлө 2) «Чоң ата менен Чоң апа үй-бүлөлүк университет»
8A·Назначено домашнее заданиеДиндердин онугуу тарыхы:1) §21 Исламдагы Адеп-Ахлак 2) Эркин Тема: Эмне үчүн бул сапат (ахлак) азыркы мезгилде да маанилүү?
8A·Назначено домашнее заданиеКласстык саат:Ыр жазуу
8C·Назначено домашнее заданиеComputer:Printed homework
8D·Назначено домашнее заданиеComputer:Printed homework
8D·домашнее заданиеКыргызский язык:,,Айыл чарба товарлары" деген темада 10 сүйлөмдөн кем эмес текст түзгүлө, 3 сүйлөмгө талдоо жүргүзгүлө
8D·Назначено домашнее заданиеКыргызский язык:Кайталоо , мурунку тапшырманы аткаргыла
8D·Назначено домашнее заданиеМир.История:прочитать тему
9A·домашнее заданиеДуйно тарыхы:Документалдуу материалдар менен иштөө
9A·Назначено домашнее заданиеДуйно тарыхы:Теманы окуп түшүнүк айтуу
9C·домашнее заданиеИстория развития религий:1) § 13 Государство и религия в Кыргызской Республике (конспектировать) 2) Творческое Задание: «Государство и религия: где проходит граница?» Четко ли определена граница между государством и религией в Кыргызстане? Докажите свое мнение с помощью примеров. до 25.03.2026
9C·Назначено домашнее заданиеИстория развития религий:1) §14 Государственная политика Кыргызской Республики в религиозной сфере. Религиозная ситуация в Кыргызстане в постсоветский период. 2) Задание 2: Свободная тема — исследовательское задание: «Количество мечетей увеличилось с 39 до 2736. Что принесли эти изменения обществу?»- Чт02. 04.
10B·домашнее заданиеКыргызский язык:Эрежеге таянып 5 сүйлөм түзүп келүү
10C·Назначено домашнее заданиеГеография:География сельского хозяйства
10C·домашнее заданиеКыргызский язык:Эрежеге таянып 5 сүйлөм түзүп келүү
10А·Назначено домашнее заданиеComputer:Review Chapter 21 - Tables
10А·Назначено домашнее заданиеМир.История:Теманы окуп түшүнүк айтуу
10А·домашнее заданиеМир.История:Теманы окуп түшүнүк айтуу
11C·Назначено домашнее заданиеГеография:Тематическое оценивание достижений учащихся
11C·Назначено домашнее заданиеКыргызский язык:Кайталоо
11А SOC·Назначено домашнее заданиеICT extra:Use AI to illustrate you in your dream job
7A·домашнее заданиеАдам жана коом:Беш манжа методу менен көчөдөгү коопсуздук эрежесин сактоо
7A·Назначено домашнее заданиеАдам жана коом:Тема боюнча сүрөт тартуу
7A·домашнее заданиеКыргызстан тарыхы:Теманы окуп түнүк айтуу
7A·Назначено домашнее заданиеКыргызстан тарыхы:Теманы окуп түшүнүк айтуу
7B·домашнее заданиеГеография:1-§38 Рельеф и полезные ископаемые Евразии (готовиться) 2-Отметьте на контурной карте §38 основные горные системы, равнины, вулканы и крупнейшие месторождения полезных ископаемых материка Евразии
7B·Назначено домашнее заданиеГеография:1-§39 Климат Евразии. 2-Открой атлас на климатической карте Евразии и выполни задания. Эта работа поможет тебе научиться «читать» карту как настоящий географ!
7B·Назначено домашнее заданиеКыргызский язык:Жайылма сүйлөм катышкан сүйлөмдөрдү жазуу
7C·домашнее заданиеИстория Кыргызстана:прочитать стр.133-134
7C·домашнее заданиеКыргызский язык:131-бетте Коко Шанель жөнүндө текстти окуп, жалаң сүйлөмдөрдү(ээ менен баяндооч катышкан сүйлөмдөр) жазып келүү.
7C·домашнее заданиеРусский язык:.
8A·Назначено домашнее заданиеГеография:1) § 35. Ички Тянь-Шандын провинциялары 2) Контурлуу картага 4 провинцияны түшүр, өрөөндөрдүн аталыштарын, дарыяларды жана кен байлыктарды белгиле.
8A·домашнее заданиеГеография:Тапшырма 1 — Сабакка даярдануу § 34 Ички Тянь-Шань. Жалпы мүнөздөмө Тапшырма 2 — Атлас боюнча иштөө. § 34 Ички Тянь-Шандын физикалык географиялык жалпы абалы рельеф,суу,жаныбар,осумдуктору.
8A KG·домашнее заданиеДуйно тарыхы:Крассворд түзүп, теманы окуп түшүнүк айтуу
8A KG·Назначено домашнее заданиеДуйно тарыхы:Теманы окуп түшүнүк айтуу
8B·домашнее заданиеГеография:Внутренний Тянь-Шань. Практическая работа №14.
8C·домашнее заданиеГеография:Внутренний Тянь-Шань. Практическая работа №14.
8C·домашнее заданиеКыргызский язык:Диаграммага карап сүйлөм түзүп келүү 5 сүйлөм
8C·Назначено домашнее заданиеКыргызский язык:Кайталоо
8C·домашнее заданиеРусская литература:.
8D·домашнее заданиеДиндердин онугуу тарыхы:1) § 19 Ислам и общество (конспектировать) 2) Творческое Задание: «Как исламские принципы прав человека соотносятся с современными международными стандартами прав человека? В чём сходство и в чём различие?»
8D·Назначено домашнее заданиеДиндердин онугуу тарыхы:1-задание: §20 Семья в Исламе. (конспектировать) 2-Творческая задание: «Дедушка и бабушка-семейный университет.» до 09.04.2026
9A·домашнее заданиеДиндердин онугуу тарыхы:1) § 13 Мамлекет жана дин: өз ара кызматташуу (конспектиле) 2) Эркин тема «Мамлекет жана дин: чек кайда турат?»Кыргызстанда мамлекет менен диндин ортосундагы чек так белгиленгенби? Мисалдар аркылуу өз пикириңди далилде. 26.03.2026 чейин
9A·Назначено домашнее заданиеДиндердин онугуу тарыхы:1) § 14 под тема: Кыргызстандагы постсоветтик диний абал. 2) «Мечит саны 39дан 2736га жеткен. Бул өзгөрүш коомго эмне алып келди?»
9B·Назначено домашнее заданиеГеография:Хозяйство, транспорт, туризм и экологические проблемы области. Практическая работа №12
9B·домашнее заданиеГеография:ЭГП и природно-ресурсный потенциал Ошской области.
9B·домашнее заданиеИстория развития религий:1) § 13 Государство и религия в Кыргызской Республике (конспектировать) 2) Творческое Задание: «Государство и религия: где проходит граница?» Четко ли определена граница между государством и религией в Кыргызстане? Докажите свое мнение с помощью примеров. до 26.03.2026
9B·Назначено домашнее заданиеИстория развития религий:§14 Государственная политика Кыргызской Республики в религиозной сфере. Религиозная ситуация в Кыргызстане в постсоветский период 2) Задание 2: Свободная тема «Количество мечетей увеличилось с 39 до 2736. Что принесли эти изменения обществу?»
9C·Назначено домашнее заданиеComputer:Printed homework about Photoshop
9C·домашнее заданиеКыргызский язык:Ысык-Көл тексттен түшүндүрмө мүчөлөрдү оозеки табуу түрүн аныктоо
9C·домашнее заданиеМир.История:пар 16- Пт03. 04.
10C·домашнее заданиеКыргызский язык:Сөз өстүрүү көнүгүүлөрүн аягына чейин жазып келүү
10А SOC·Назначено домашнее заданиеДуйно тарыхы:Тема боюнча тест
10А SOC·домашнее заданиеДуйно тарыхы:Теманы окуп түшүнүк айтуу
11B·домашнее заданиеEnglish language:Write little essay for the themes: 1. Delayed gratification and success, 2. The perils of decision fatigue
11А·домашнее заданиеEnglish language:Choose one of these themes and wtite little essay. 1. Delayed gratification success, 2. The perils of decision fatigue
7B·Назначено домашнее заданиеComputer:Repeat chapters 14, 15, 17. Next week exam
7B·домашнее заданиеИстория развития религий:1) § 13–14 Даосизм Путь, Гармония и Мудрость. 2) Задание 2: Свободное эссе . «Если бы ты был настоящим даосом, как бы ты жил в наши дни?» «Смартфон, интернет, супермаркет-всё это соответствует „Пути Дао“?»
7B·Назначено домашнее заданиеИстория развития религий:1) §15. Конфуцианство: рождение великого учения. 2) Задание 2: Свободная тема: «Семейная гармония» Если отношения между людьми хорошие — общество становится лучше“. Как в твоей семье сохраняется гармония? Приведи три примера.»
8B·домашнее заданиеГеография:Внутренний Тянь-Шань. Практическая работа №14.
8B·Назначено домашнее заданиеГеография:Чаткальская долина
8C·Назначено домашнее заданиеГеография:Чаткальская долина
8D·домашнее заданиеГеография:Внутренний Тянь-Шань. Практическая работа №14.
8D·Назначено домашнее заданиеГеография:Чаткальская долина
9A·домашнее заданиеГеография:Нарын облусунун экономикалык географиялык абалы. Экономиканы өнүктүрүү үчүн жаратылыш ресурстук потенциалы.
9A·Назначено домашнее заданиеГеография:Ош облусунун экономикалык географиялык абалы. Экономиканы өнүктүрүү үчүн жаратылыш ресурстук потенциалы